Атамбаев Кытайдын жетекчисин жаңы жылы менен куттуктады

Жазылуу
Президент өзүнүн куттуктоосунда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер саясий диалогго жана соода-экономикалык кызматташууга мыкты өбөлгө болуп берерин белгилеген.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди жаңы жылы — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев өзүнүн куттуктоосунда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер саясий диалогго жана соода-экономикалык кызматташууга мыкты өбөлгө болуп берерин белгилеген.

"Учурдан пайдаланып, кыргыз-кытай мамилелерин жеке көзөмөлүңүзгө алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаева Си Цзиньпинге ден соолук, ийгилик, ал эми кытай элине бакубат жашоо, тынчтык, өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0