Чет элдиктер сүрөттөрдү карап кайсыл өлкө экенин табышты. Анын баары КРде тартылган

© Влад УшаковСары-Челек. Архив
Сары-Челек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттөрдү караган Facebook колдонуучулары тилекке каршы, кооз тоолордун жана көз жоосун алган пейзаждар Кыргызстанда тартылганын таба алышкан жок.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Сүрөттөн өлкөнү таап ал!" — аттуу сурамжылоо жүргүздү. Ар кайсы өлкөнүн жарандарынан сүрөттөр кайсы жерде тартылгандыгын сурадык. Чет элдиктердин басымдуу бөлүгү Кыргызстанды кайсы өлкөлөр менен алмаштыргандыгын бул жактан окуңуздар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ТООЛОР
Полет фантазии по облакам - Sputnik Кыргызстан
БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ ТООЛОР

Danika Cabiltes (Филиппиндер): 

— Жумуш менен Аспенге (Колорадо штаты) көп барууга туура келет. Ал жактын тоолору абдан кооз, ошондуктан сүрөт Аспенде тартылган деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБИШКЕКТЕГИ ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ
Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
БИШКЕКТЕГИ ЖАШТАР АЛЛЕЯСЫ

Isaira Alves (Бразилия): 

— Сүрөттө ызгаардуу кыш. Мындай аба ырайы Россияны элестетет. Муну менен бирге эстелик жана имараттар Санкт–Петербургду эске салып жатат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБАЛДАР БАТКЕНДЕГИ БАЛДАР АЯНТЫНДА
Юг, жизнь и заботы - Sputnik Кыргызстан
БАЛДАР БАТКЕНДЕГИ БАЛДАР АЯНТЫНДА

Rob Roskell (Улуу Британия): 

— Сүрөт Монголия же Тибетте тартылган деп айтар элем. Балдардын келбети өзгөчө. National Geographic мындай сүрөттөрдү чанда жарыялайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОШ ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК АЯНТТЫН КӨРҮНҮШҮ
Вид на центральную площадь Оша - Sputnik Кыргызстан
ОШ ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК АЯНТТЫН КӨРҮНҮШҮ

Laura Marsango (Испания): 

— Көк түстөгү имарат совет доорун элестетет. Менимче, сүрөт Россияда тартылган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНАРЫН ОБЛУСУ, АТ-БАШЫ РАЙОНУ, ЧЕЧ-ДӨБӨ ТООСУ
По дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне - Sputnik Кыргызстан
НАРЫН ОБЛУСУ, АТ-БАШЫ РАЙОНУ, ЧЕЧ-ДӨБӨ ТООСУ

Ajibade Yusuf (Нигерия): 

— Пейзаж Казакстанда тартылган деген ойдомун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБИШКЕК ШААРЫ, ЭСКИ АЯНТТАГЫ АЙТ НАМАЗЫ
 Айт намаз на Старой площади в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК ШААРЫ, ЭСКИ АЯНТТАГЫ АЙТ НАМАЗЫ

Isabel Wilson (Шотландия): 

— Сүрөттө диний ритуал тартылганы көрүнүп турат. Менимче, сүрөт Өзбекстанда тартылган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБОРБОРДУК АЛА-ТОО АЯНТЫ
Центральная площадь Ала-Тоо в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
БОРБОРДУК АЛА-ТОО АЯНТЫ

Reem Lulu (Иран): 

— Жаңылышпасам, сүрөт Душанбе шаарында тартылган. Ал жакта ушул сыяктуу имараттар көп. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБИШКЕК — ЫСЫК-КӨЛ АВТОТРАССАСЫ
Автотрасса Бишкек — Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК — ЫСЫК-КӨЛ АВТОТРАССАСЫ

Li Qi Ying (Кытай): 

— Мындан эки жыл мурун Өзбекстанга барган элем. Сүрөттөгү жол тааныш учурап жатат. Өзбекстанда эмеспи? 

© Фото / Влад УшаковСАРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮ
Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
САРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮ

Sager Yousef (Иордания):

— Канадада мындай тоолуу көлдөр көп. Сүрөттөгү пейзаж аска тоонун этегинде жайгашкан Пейто көлүнө окшош экен. 

© Влад УшаковКЫРГЫЗСТАНДЫН МУУЗ ШАРКЫРАТМАЛАРЫ
Ледяные водопады Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
КЫРГЫЗСТАНДЫН МУУЗ ШАРКЫРАТМАЛАРЫ

Samira Ahmad (Йемен): 

— Тоолор "Тирүү калган" кинотасмасындагы кадрларды элестетти. Сүрөт Түндүк Америкада тартылган эмеспи? 

Жаңылыктар түрмөгү
0