Бишкек мэриясы кичи райондор менен кварталдардын жолун оңдой баштайт

Жазылуу
Муниципалитет тарабынан түзүлгөн атайын программа эки жылга түзүлгөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Быйылтан баштап Бишкектеги кичи райондор менен кварталдардын ичиндеги жолдор оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Борбор калаадагы Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылат
Маалыматка ылайык, бул боюнча мэриянын жолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча атайын программа бекитилген.

Учурда шаардык кызматтар район администрациялары менен биргеликте ремонттоло турган көчө жолдорун аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, өзүм билемдик менен тиешелүү жер аянтын павильон, контейнер, гараж куруу менен кеңейтип алган учурлар ачыкка чыгат.

Аталган программа 2016-2017-жылдарга карата түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0