Белин сындырып алган 17 жаштагы Имановага Сариев 70 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтапка каражат жагынан жардам берүү чечими Иманова тууралуу басма сөз каражаттарына жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтардан улам кабыл алынганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мындан төрт жыл мурун белин сындырып алып, учурда дарыланууга муктаж болуп жаткан Зарина Имановага премьер-министр өкмөттүн резервдик фонду 70 миң сом бөлдү.

Президент башы чоңоюп кеткен ымыркайдын дарылануусуна акча бөлдү
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө каражатты кызга Темир Сариевдин атынан вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева тапшырды.

Кыздын дарылануусуна жардам көрсөтүү чечими Иманова тууралуу басма сөз каражаттарына жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтардан улам кабыл алынган.

Кудайбердиева өкмөт башчынын жана жеке өзүнүн атынан бейтапка тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0