Араванда эки каналдын оңдолушу менен 18 миң гектар жерге суу жетет

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Ош облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Араван районундагы Ак-Буура — Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ошто 21,8 миллион сомго реабилитацияланып жаткан Кыргыз-Арык каналы 1794 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин аталган облуска болгон иш сапарынын учурунда белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын айтымында, Сариев Араван районундагы Ак-Буура — Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сариев Араван районундагы Ак-Буура — Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоонун жүрүшү менен таанышты.
1/2
Премьер-министр Сариев Араван районундагы Ак-Буура — Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоонун жүрүшү менен таанышты.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз-Арык каналын реаблитациялоого 21,8 миллион сом жумшалып, тиешелүү иштин 97 пайызы бүткөрүлдү.
2/2
Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоого 21,8 миллион сом жумшалып, тиешелүү иштин 97 пайызы бүткөрүлдү.
1/2
Премьер-министр Сариев Араван районундагы Ак-Буура — Араван каналын реконструкциялоо жана Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоонун жүрүшү менен таанышты.
2/2
Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоого 21,8 миллион сом жумшалып, тиешелүү иштин 97 пайызы бүткөрүлдү.

Араван күнөсканалардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат
Премьер-министр өлкөдөгү ирригациялык системаны оңдоо жана сугат жерлеринин аянтын кеңейтүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, ирригациялык каналды оңдоону сапаттуу жүргүзүүнү талап кылды. 

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Арык каналын реаблитациялоого 21,8 миллион сом жумшалып, тиешелүү иштин 97 пайызы бүткөрүлдү. Бул канал 1794 гектар аянт жерди суу менен камсыз кылат.

Ак-Буура — Араван каналын оңдоонун жалпы баасы 80 миллион сом деп белгиленип, бул каражаттын 30 миллион сому 2015-жылы бөлүнгөн. Быйыл калган 50 миллион сом бөлүнүп, аталган канал аркылуу 16 миң 400 гектар жер сугарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0