Кыргыздар жашаган Жерге-Талдын аталышы тажик тилине өзгөрмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылда суу алып бара жатка адам. Архив
Айылда суу алып бара жатка адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Эмомали Рахмондун токтомунда орус, кыргыз, араб жана өзбек тилдүү аталыштарды тажик тилине өзгөртүү каралган.

БИШКЕК, 5-фев. – Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө совет доорунан калган аймактардын аталыштарын тажик тилине өзгөртүүнү сунуштап, бул тууралуу токтомду парламентке жөнөттү.

Тажикистандык режиссер уулуна татыктуу билим берүү үчүн Бишкекте кароолчу болуп иштейт
Ага ылайык, аталган республикада жалпы жонунан 10 район менен шаардын аталышын өзгөртүү каралган. Буга этникалык кыргыздар отурукташкан Жерге-Тал району да туш болуп, исламга чейинки доордо тажик шаарларынын бирин башкарып келген жетекчинин урматына Лахш деп аталганы турат.

Мындан тышкары, Кайраккум шаары Гулистан, ал эми Кайраккум суу сактагычы Бохчи Точик деп аталмай болду. Ал эми Ганчи району Деваштич, Чкалов шаары Бустон деген аталыш алат.

Советтик доордон калган жер-суу аттарын перс же тажик тилине которуу аракети Тажикстанда эки жылдан бери жүрүп келет. 

Демилгечилер мындай аракет тарыхый аталыштарды калыбына келтирип, улуттук кызыкчылыктарды пропагандалоону көздөй турганын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0