Февралда Бишкектин алты көчөсүндө жаңы 968 жарык түйүнү орнотулат

© пресс-служба мэрии города БишкекНовые светодиодные лампы на улице.
Новые светодиодные лампы на улице. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айда муниципалдык ишкана шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Февраль айында "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы калаанын алты көчөсүндөгү жарык түйүндөрүн оңдойт деп мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айында муниципалдык ишкана шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү иштерин жүргүзөт. 

Жалпы жонунан 968 жарык түйүнү орнотулат:

  • Медеров көчөсү (чыгыш тилкеси) Байтик Баатыр көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин 79 жарык түйүнү орнотулат.
Жаңы жол чырактар электр энергиясын үнөмдөйт
Медеров көчөсү (батыш тилкеси) Панфилов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин 20 жарык түйүнү орнотулат.
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү (чыгыш тилкеси) Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин 42 жарык түйүнү орнотулат.
  • Лев Толстой көчөсү (батыш тилкеси) Фрунзе көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин 230 жарык түйүнү орнотулат.
  • Токтомбаев көчөсү (чыгыш тилкеси) Түштүк дарбазадан Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин 320 жарык түйүнү орнотулат.
  • Гагарин көчөсү боюнча (батыш тилкеси) Тынчтык проспектисинен "Ак-Өргө" конушуна чейин 277 жарык түйүнүн орнотуу пландалууда.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0