Кыргызстан Конго менен дипломатиялык мамилени Пекинде түздү

Жазылуу
Биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова менен Конгонун Кытайдагы элчиси Даниэл Овасса кол койду.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Конго мамлекеттеринин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстан Того жана Мавритания республикалары менен кызматташат
Маалыматка ылайык, биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова менен Конгонун Кытайдагы элчиси Даниэл Овасса Пекинде кол койду.

Документте тараптардын БУУнун Уставына ылайык жана эл аралык укук принциптерине таянуу менен дипломатиялык мамилелерди түзгөндүгү айтылат. 

Коммюникеге кол коюу аземинен кийин элчилер Кыргызстан менен Конго мамлекеттеринин ортосунда достук жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүүгө дилгир экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0