Цехтеги өрттөн каза болгондордун туугандары Москвага учуп кетишти

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кремльдеги желек. Архив
Москвадагы Кремльдеги желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумгандардын баарынын туугандары келгенден кийин сөөктөрдү идентификациялоо башталат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Москвада тигүү цехинде чыккан өрттөн каза болгон төрт жарандын жакындары бүгүн эртең менен Россиянын борбор шаарына учуп кеткенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн КР жарандары каза болду. Күбөнүн тарткан видеосу
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Москвадагы цехте өрт чыгып, 12 киши каза болгон. Анын сегизи Кыргызстандын жараны болсо, экөө Россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз жана эки өзбекстандык жаран экени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, буга чейин сөөктөрдү таануу үчүн каза болгондордун туугандары менен байланышууга аракеттер көрүлүп жатканы айтылган. Алардын жол кире, жашоосуна кеткен чыгымдардын баарын кыргыз өкмөтү моюндайт. Каза болгондордун туугандары "Домодедово" аэропортуна келип түшүштү.

Кырсыктан көз жумган башка жарандардын туугандары учурда Москвада экени айтылууда. Бардык тийиштүү адамдар келгенден кийин сөөктөрдү идентификациялоо жараяны башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0