Белгилүү сахна чебери Чолпонбек Базарбаев эскерилет

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүБелгилүү бийчи Базарбаев жана Токомбаева. Архив
Белгилүү бийчи Базарбаев жана Токомбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базарбаев көзү тирүү болсо быйыл 67 жашка чыкмак. Ал мындан 14 жыл мурун Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекте СССР Эл артисти, белгилүү бийчи Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРСССР Эл артисти, белгилүү бийчи Чолпонбек Базарбаев.
Танцор и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
СССР Эл артисти, белгилүү бийчи Чолпонбек Базарбаев.

Бүгүн Ошто кыргыздын залкар ырчы жана композитору Рыспай Абдыкадыровду эскерип жатышат
Иш-чара 4-февраль күнү Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Мында Базарбаевдин ысымын алып жүргөн Бишкек хореографиялык училищесинин тарбиялануучулары менен балет артисттеринин биргелешкен концерти болуп, анда дүйнөлүк классиканын номерлери тартууланары айтылууда.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Кочкор районунда туулган. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктагандан кийин Москвадан стажировкадан өтүп, чеберчилигин арттырган. Сахнада СССР Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен өнөктөш болгон. 

Көзү тирүү болсо залкар инсан быйыл 67 жашка чыкмак. Базарбаев 2002-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0