Төө-Ашуудагы туннелге видеокамералар коюлду

Жазылуу
Жаңы түзүлүштөр кан жолдогу унаа агымына көзөмөл кылып, жол коопсуздугун сактоого шарт түзөт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуунун Көлбаев атындагы туннелде видеокамералар орнотулганын ӨКМ билдирди.

Биринчи Май районундагы мектеп менен бала бакчаларга онлайн-видеокамералар коюлду
Маалыматка ылайык, аталган кан жолдо жол коопсуздугун сактоо жана унаа агымын көзөмөлдөө үчүн коюлган камералар кыймылга он-лайн режиминде көз салууга шарт түзөт. Мындан тышкары, бул аракет калктын Бишкек — Ош жолу боюнча каттамын пландаштырууга өбөлгө болмокчу.

Туннелге видеокамералар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги менен "ЭлКат" ишканасы тарабынан жеке-мамлекеттик өнөктөштүктүн негизинде орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0