Террорчулукка азгыргандар биринчи кезекте — Интернетте токтотулушу керек

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар "Ислам мамлекетине" каршы аракет көрүү үчүн соцтармактагы азгыруучулардын ишмердүүлүгүн анализдөө жана чогултуу үчүн бирдиктүү борбор түзүүнү сунуштоодо.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Ислам мамлекетти" террористтик тобунун азгыруучуларынын ишмердүүлүгүн алгачкы чекте — социалдык тармактарда токтотуу керектигин Бишкек — Уфа видеокөпүрөдө "Евразиялыктар — жаңы толкун" филиалынын директору Владимир Лю билдирди.

Бейшемби күнү "Ислам мамлекетинин тармактык түзүмүнө жаштардын тартылышы: экстремисттик идеологияга каршы аракет жана соцтармактагы үндөөлөр менен кантип күрөшүү керек" деген темада видеокөпүрө өттү. Ага эксперттер менен жаштар катышты.

"Ислам мамлекетине" азгыруу иши негизинен социалдык тармактарда жүрөт. Биз аларга Интернеттен каршылык көрсөтүшүбүз керек", — деди Лю.

Анын айтымында, студенттер аталган көйгөйлөрдү талкуулап тим болбостон аларды чечүүгө да даяр.

"Биз сиздер менен биргеликте маалымат борборун түзсөк болот. Ал тармактардагы азгыруучулардын ишмердүүлүгүн карап, эсептеп, анализдөө менен алектенмек", — деди президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын студенти Аманат Султангазиев.

Президент Атамбаев аалым Кадыр Маликов менен диний абалды талкуулады
Анын айтымында, социалдык тармактарда көптөгөн топторду түзүп, ал жактан салттуу исламдын жоболорун жайылтып, экстремисттердин чакырыктарына каршы келген фактылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Саясат таануучу Денис Бердаков видеокөпүрөнүн пайдалуу экендигин белгилеп, мындай иш-чара Кыргызстан менен Башкыртстандын жаштар арасындагы тажрыйба алмашууга өбөлгө болуп берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0