Сариев: Бишкекке жөлөк пул эмес, мүмкүнчүлүк алуу үчүн келүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев мэриянын жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.
Премьер-министр Темир Сариев мэриянын жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Кыргызстанда чекке жеткен жакырчылык деңгээли төмөндөгөнүн белгилеп, жарандарга иштеп акча табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылдыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев мэриянын коллегиясында жарандар Бишкекке жөлөк пул алуу үчүн көчүп келип жатканына нааразылыгын билдирди.

Өкмөт башчы айрым жарандар өлкөнүн ар аймагынан көчүп келгендер жаңы конуштарга отурукташып, жөлөк пул алып жатканы боюнча кабардар экенин айтты.

"Бишкек шаарына иштеп акча табуу үчүн келишет. Аларга ошондой шарт түзүп беришибиз керек", — деди Сариев.

Ал Кыргызстанда чекке жеткен жакырчылыктын деңгээли 12,6 пайыздан 0,2 пайызга төмөндөгөнүн, ал эми жакырчылык 38 пайыздан 30,3 пайызга азайганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0