Асанкул Акаевге топурак салуу үчүн туңгуч президенттин кичүү уулу Илим келди

Жазылуу
Аскар Акаевдин бир тууган агасы бүгүн өзү туулуп-өскөн Кеминдеги Кызыл-Байрак айылында жерге берилет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Асанкул Акаевге топурак салууга Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Илим келди. Бул тууралуу үй-бүлөгө жакын булактан маалым болду.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка сөзсүз чакырабыз
Биринчи президенттин бир тууган агасы Асанкул Акаев үстүбүздөгү жылдын 26-январында 77 жаш курагында ооруканадан каза болду. Анын сөөгү бүгүн өзү туулуп-өскөн Кеминдеги Кызыл-Байрак айылына коюлат.

Буга чейин Аскар Акаев Францияда илимий симпозиумга катышып жаткандыктан, агасына топурак салууга келе албай турганы айтылган. Ал эми Башкы прокуратура Акаевди Кыргызстанга келери менен сөзсүз суракка аларын билдирген.

Маалыматка ылайык, Илим Акаев кечээ кечинде Москвадан учуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0