Былтыр Нарындын 6 миң тургунуна жөлөк пул төлөнгөн

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖөлөк пул алып жаткан аял. Архив
Жөлөк пул алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен кошумча акчага майыптар, ВИЧ оорулуу энелерден төрөлгөн балдар жана кары-картаңдар ээ болушту.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Нарындын 5 миң 945 жашоочусуна жөлөк пул берилгенин билдирди. Буга жалпы жонунан 237 миллион сом жумшалган.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарга чыккан жөлөк пулду баарынан көп Жалал-Абаддагы үй-бүлөлөр алат
Ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар, кары-картаңдар жана ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдарга берилди.

Орточо эсеп менен төлөнүүчү төлөмдүн көлөмү айына 3 миллион 305,6 миң сомду түзөт.

Эскерте кетсек, буга чейин нарындыктар жашоо шартты жакшыртуу талабы менен митингге чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0