Көлдө атка минерлер иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнүп жатышат

© пресс-служба НацкомиссииМамлекеттик кызматкерлер алган сертификаттары менен.
Мамлекеттик кызматкерлер алган сертификаттары менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай окуулар Кыргызстандын аймагында былтыркы жылдын январь айынан бери өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай окуулар Кыргызстандын аймагында былтыркы жылдын январь айынан бери өткөрүлүп келет. Мында аймактарда үч күндүк семинар-тренингдер өтүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугу арттырылат. 

© пресс-служба НацкомиссииЫсык-Көлдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди
1/2
Ысык-Көлдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди
© пресс-служба НацкомиссииМында аймактарда үч күндүк семинар-тренингдер өтүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугу арттырылат.
2/2
Мында аймактарда үч күндүк семинар-тренингдер өтүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугу арттырылат.
1/2
Ысык-Көлдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди
2/2
Мында аймактарда үч күндүк семинар-тренингдер өтүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугу арттырылат.

Бул сапар 2016-жылдын алгачкы семинар-тренинги Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулду. 

Окуунун жыйынтыгы менен 94 катышуучуга тастыктамалар тапшырылды. 

Комиссия "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери" аттуу 24 сааттык методикалык семинар-тренинг бул жылы дагы республиканын бардык аймактарында улантыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0