Колонияда жаза өтөп жаткандар кесипке ээ болушту

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКолонияда жаза өтөп жаткан жаран жумуш учурунда. Архив
Колонияда жаза өтөп жаткан жаран жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптик окуу жай бир нече жылдан бери иштеп, төрт кесип боюнча окутуп келет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин №47 түзөтүү колониясындагы 6-кесиптик окуу жайында жаза өтөп жаткан 55 жаранды курстан өткөнүн аталган мекеме билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүр бою эркинен ажыратылгандар өзүнчө имаратка которула баштады
Училище өткөн жылдын сентябрь айында эркинен ажыратылган 55 жаранды окууга кабыл алып, беш айдын ичинде тигүүчү, сварщик, слесарь, электромонтерду даярдап чыкты.

Окууга жалпы жонунан 60 жаран тартылган. Төрт кесип боюнча окутулган курстун жыйынтыгы менен 55 жаран экзаменге киргизилди.

ЖАМК эркинен ажырап жаза өтөп жаткан жарандар атайын курстан өтүп, бир кесипке ээ болуп колонияда жана андан чыккандан кийин иш менен камсыз болушуна шарт түзөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0