Баткенде жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткендин кичи көчөлөрүнүн биринде. Архив
Баткендин кичи көчөлөрүнүн биринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Баткендеги калктын жашоо турмушун жакшыртуу мамлекеттин коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Баткен облусунда жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Иш-чарага катышкан премьер-министр Темир Сариев Баткен өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ облус экенин белгилеп, аны өнүктүрүүгө өкмөт тараптан бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Өкмөт башчы облус аймагындагы айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануу боюнча кемчиликтер бар экенин белгиледи.

"Элдин турмушун жакшыртуу үчүн тартип жана эмгектенүүгө шарт түзүлүшү керек. Борбордук бийликтин көрсөтмөсүн күтүп отурбастан, жергиликтүү органдар өз алдынча аракет көрүшү кажет. Айыл чарба тармагында инновациялык ыкмаларды жайылтуу аркылуу элдин жашоо турмушун жакшыртууга мүмкүн", — деди Сариев.

Премьер-министр облустагы жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөрүн белгилеп, бул көрсөткүчтү төмөндөтүү зарылдыгын билдирди.

Өкмөт башчы Баткен облусундагы калктын жашоо турмушун жакшыртуу маселеси мамлекеттин коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, чектеш аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу негизги талап экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0