Биринчи Май району эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына даярдыгын баштады

© Sputnik / Константин Родиков / Медиабанкка өтүүТурай жайдын дубалын боёо. Архив
Турай жайдын дубалын боёо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда КМШ өкмөт башчыларынын, Түрк тилдүү мамлекеттердин өлкө башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына даярдык көрүү максатында шаардагы турак жайлардын маңдайкы бетин оңдоп-түзөө, көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер башталышы керектигин Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев аталган аймакты кыдыруу учурунда билдирди.

Көчөдөгү элект жарыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Январда Бишкектин алты көчөсүндөгү жарык системасы оңдолот
Маалыматка ылайык, район башчысы шаар кызматтары менен аймактык башкармалыкка үй жана чарба субүектилеринин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда КМШ өкмөт башчыларынын, Түрк тилдүү мамлекеттердин өлкө башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленет. 

Аким мындан тышкары, "Көлмө" жаңы конушундагы бала бакчанын курулушу менен таанышып, курулуш компаниясын иштин сапатына көңүл бурууга милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0