Ат-Башыда соцфонд кызматкерлери жаранды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарып жиберген

Жазылуу
Жергиликтүү тургун соцфонддун кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп, эмгек китепчесине тогуз жыл коштуруп алган. Мындан улам пенсияга да мөөнөтүнөн эрте чыгып кеткен.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Социалдык фонддун Ат-Башы районундагы башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундун эмгек китепчесин жасалмалап, 9 жылдык иш стажы кошуп берген фактысы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

"Ат-Башы айылынын тургуну пенсияга чыгуу үчүн башкармалыктын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, эмгек китепчесине мыйзамсыз иш стажы коштуруп алган. Анын натыйжасында аталган жаран мөөнөтүнөн эрте пенсияга чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 5 млн. сомго чукул салык төлөбөй келген компанияга кылмыш иши козголду
Башкармалык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен улам, өлкө казынасына 230 миң 721 сом зыян келтирилгени аныкталууда.

Бул факты боюнча Ат-Башы райондук прокуратура тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документ жасалмалоо", "Жасалма документти даярдоо, сатуу, пайдалануу" жана "Шылуунчулук" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0