"Тазалык" ишканасы: иттерди бычууга караганда, атып салуу жеңилирээк

Жазылуу
Жолбун иттерди атуу шаар тургундарынын өтүнүчү менен аткарылат. Бишкекте бир айда орто эсеп менен 200гө чукул ит атылары белгилүү болду.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте бир жолбун итти атууга 180 сом бөлүнөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жолбун иттер менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Болот Койголдиев айтып берди.

Жолбун иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыкка" суроо: жолбун иттер качан азаят?
Буга чейин Талас облусунда жолбун иттерди атуу жүрүп жатканын Кара-Буура районунун муниципалдык кызматынан кабарлашкан. Ал эми социалдык тармактарда талкуу жаратып, бир катарлары бул иш туура кадам дешсе, бир даары аларды өлтүрбөй эле бычып коюу оң болот деген пикирлерин жазышкан. 

Койголдоевдин айтымында, жолбун иттерди стерилизациялоого 1000 сомдон ашык каражат кетет. Бул аларды атып салууга корогон акчадан кыйла жогору. Ошондуктан шаарда иттер дээрлик бычылбайт.

"Талапка ылайык, бош жүргөн ит жолбун жаныбар болуп саналат. Эгерде шаар тургундары иттерин үйлөрүнөн чыгарбай кармашса, маселенин 70 пайызы чечилмек", — дейт адис. 

Жолбун иттерди атуу шаар тургундарынын кайрылуусу менен аткарылат. Бишкекте бир айда орто эсеп менен 200гө чукул ит атылары маалы болду. Атылган иттердин сөөктөрү өрттөө жолу менен жок кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0