Орто мектептерде англис тилинин жумалыгы өтөт

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүОкуучу сабак учурунда. Архив
Окуучу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Февраль айында орто мектептерде англис тилинин жумалыгы өтө турганын Билим берүү жана министрлиги билдирди.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулардын кышкы каникулу узартылган жок
Маалыматка ылайык, жумалык 8-15-февраль күндөрү өтүп, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

Бир жуманын ичинде бардык билим берүү уюмдарында окуучулар арасында сынактар, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлмөкчү. Андан сырткары, 5-11-класстын окуучулары үчүн "Англис тили — эл аралык баарлашуунун тили" аттуу ачык сабактарды өткөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0