Муфтият зыяратчыларды ажы сапарына ташый турган авиакомпанияларга сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба ДУМКАжылык сапарга бара жаткандар. Архив
Ажылык сапарга бара жаткандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышуучу компаниялардан арыздар эртеңден баштап 26-февралга чейин кабыл алынып, 1-март күнү жыйынтыгы чыгарылат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2016-жылкы ажы сапары үчүн авиакомпанияларга сынак жарыялай турганын муфтияттын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү билдирди.

Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык зыяратчылар ажылык сапарда мыкты жүрүм-туруму менен айырмаланган
Маалыматка ылайык, документтер эртеңден баштап 26-февралга чейин кабыл алынып, конкурс 1-мартта өтөт. Мында сынак зыяратчыларды Сауд Аравиясына жеткирүү үчүн Кыргызстан менен аталган өлкөнүн авиакомпанияларынын ортосунда болот.

Сынактын жыйынтыгы 2-март күнү белгилүү болот. Муфтият көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0