Бишкектин айрым бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Компаниянын маалыматында, көгүлтүр от Фрунзе, Жибек Жолу, Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү менен чектешкен аймагында токтотулат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкектин айрым аймагында газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

"Газ 25-27-январь күндөрү өчүрүлөт. Бул газ түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу", — деп айтылат компания тараткан маалыматта.

Көгүлтүр от Бишкек шаарынын Фрунзе, Жибек Жолу, Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү менен чектешкен аймактарга берилбей турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0