Спортчу Антонина Шевченко мушташ боюнча европалык реалити-шоуга катышат

© Фото / пресс-служба тайского бокса КРКыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антонина Шевченко "Түштүк Америка" тобун жетектейт. Анда боксчулардан сырткары дүйнө жылдыздары дагы бар.

БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко европалык «ENFUSION» мушташ реалити-шоусуна катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тай боксу боюнча федерациясы билдирди.

Учурда Шевченко европалык ENFUSION шоусу тартыла турган Таиланддагы Самуи аралында. Программанын катышуучуларын спорттук таймашуулар менен бирге машыгуулар күтүп жатат.

Маалыматта долбоорго Азия, Европа, Африка жана Латын Америкасынан төрт топ катышаары, алардын капитаны кыздардан болору айтылат. Шевченко "Түштүк Америка" тобун жетектейт.

"Долбоордун акырында топтордун капитандары үчүн өзүнчө чемпионат өткөрүлөт. Шевченконун биринчи каршылашы индонезиялык Шана Ламмерс болмокчу. Эгер аны жеңе алса, голландиялык Шина Виддершовен менен таймашат", — деп билдирди КРдин Тай бокс федерациясы.

Реалити-шоуда тажрыйбалуу боксчулар гана эмес белгилүү европалык актерлор менен футболчулардын да катышаары айтылат. Кыргызстандык спортчу кыз жетектеген "Түштүк Америка" тобунда бразилиялык "Интер Милан" клубунун футболчусу Зе Мариянын болору маалымдалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0