Илимге белгисиз делген жылан адистердин жоктугунан улам изилденбей келген

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы масалеси курч тургандыктан, Кыргызстандагы курт-кумурскалардын, өсүмдүктөрдүн жана башка жаныбарлардын түрлөрү изилденбей келет.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Илимге белгисиз деп табылган жылан окумуштуулардын жоктугунан улам жеткиликтүү изилденбегендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук илимдер академиясынын биология жана топурак таануу институтунун директору Бекмамат Жээнбаев билдирди.

Буга чейин National Geographic басылмасы окумуштуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолордон кара чаар жыландын жаңы түрүн табышканын жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, жыландын бул түрү Улуттук илимдер академиясында тумшуктуу жыландардын жалпы түрүнө киргизилип, каттоого алынган. Бирок, иш андан ары жылган эмес.

"Өлкөбүздө изилдене элек жаныбарлардын түрү абдан көп, жылан боюнча адистер жок болгондуктан, алар жеткиликтүү изилдене элек. Андыктан келечекте жаңы түрлөрү табылышы толук мүмкүн", — деди Жээнбаев.

Кыргызстандагы илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы илбирстин жүргөн жерлери спутник аркылуу көзөмөлдөнүп баштады
Окумуштуулар Кыргызстанда бир гана жылан эмес, курт-кумурскалардын, өсүмдүктөрдүн жана башка жаныбарлардын түрлөрү каржы маселесинен улам изилденбей келерин белгилешти.

Жыландын бул жаңы түрү германиялык фондунун колдоосу менен жергиликтүү окумуштуулар тарабынан жарык көргөн "Омурткалуу жаныбарлардын кадастры" илимий китебине киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0