Чолпон Жакупова: Беш баллдык жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр камсыздалбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Чолпон Жакупова. Архив
Депутат Чолпон Жакупова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турак жайды камсыздандыруу мыйзамы күчүнө киргенден тарта, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан үйлөргө өкмөт тарабынан ссуда берүү токтотулат.

БИШКЕК, 20-янв. – Sputnik. Эгер жарандардын үйлөрү беш баллдык жер титирөөдөн улам жабыркаса аларга камсыздандыруу компаниясы тарабынан каражат бөлүнбөйт. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова парламент радиосуна билдирди. 

"Бардыгыбызга белгилүү болгондой, буга чейин алты баллга жетпеген жер титирөөлөрдөн улам үйлөр жабыркаган. Эгер мындай көрүнүш кайталанса камсыздандыруу компаниялары каражат бөлбөйт", — деп билдирди депутат.

Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто кайрадан жер титиреди
Анын айтымында, эгер катуу шамалдан улам үйдүн чатыры учуп кеткен болсо, камсыздандыруучу компаниядан каражат алуу оңойго турбайт. Себеби, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метр болуусу шарт. Ал эми мындай ылдамдыктагы шамал Балыкчыда гана болот. Мындан улам камсыздандыруу боюнча мыйзамды кайрадан карап чыгуу муктаждыгы бар экенин депутат айым баса белгиледи.

Эске салсак, турак жайды камсыздандыруу мыйзамы 11-февралдан тарта күчүнө кирет. Буга чейин жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан үйлөргө өкмөт тарабынан 50 миң сом кайтарылгыс жардам жана 200 миң сом өлчөмүндө ссуда берилип келген. Камсыздандыруу мыйзамы күчүнө киргенден тарта өкмөт тарабынан жардам берүү токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0