Ошто дагы бир көпүрөнүн курулушу башталды

© пресс-служба мэрии города ОшКөпүрө курулуучу жердеги курулуш иштери
Көпүрө курулуучу жердеги курулуш иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын сентябрь айынын соңунда түштүк борбордо өлкөдөгү эң ири эстакадалык көпүрө пайдаланууга берилген.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ош шаарында Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды. 

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды
1/3
Ош шаарында Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды
© пресс-служба мэрии города ОшМэрия көпүрө пайдаланууга берилсе, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт деген ойдо
2/3
Мэрия көпүрө пайдаланууга берилсе, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт деген ойдо
© пресс-служба мэрии города ОшКөпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 миллион сом.
3/3
Көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 миллион сом.
1/3
Ош шаарында Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды
2/3
Мэрия көпүрө пайдаланууга берилсе, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт деген ойдо
3/3
Көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 миллион сом.

Мэрия көпүрө пайдаланууга берилсе, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт деген ойдо.

Оштогу жаңы ачылып жаткан көпүрө туурасындагы он беш факты
Курулушка кетчү каражат Ош шаарында 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилген эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлүп калган.

Көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 миллион сом.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көпүрөнү сегиз айда бүткөрүүнү пландап жаткандыгын айтты.

"Курулуш мөөнөтү бир жыл, бирок биз ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда студенттер шаарчасы аталган "Түштүк –Чыгыш" кичи районунан "Резиденция" районуна өтүү үчүн бир топ жерлерди айланууга туура келет. Көпүрө бүтсө шаардын эки аймагын бириктирип, унаа тыгындары азаят", — деди Кадырбаев.

Шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге, куруучуларга эң башкысы курулуштун сапатына маани берүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0