Кулматов таштанды челектеринин айланасын да тазалоону тапшырды

© пресс-служба мэрии города БишкекТаштандыны тазалоо. Архив
Таштандыны тазалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын пландуу жыйынында санитардык көйгөйдөн тышкары шаарды жакшыртуу, муниципалитеттин быйылкы иш пландары жана курулуштар талкууланды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов таштанды челектери тазалангандан кийин анын айланасын да тазалоо керектигин тапшырганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи Май районундагы мектеп менен бала бакчаларга онлайн-видеокамералар коюлду
Шейшемби күнү өткөн мэриянын пландуу жыйынында, калктуу конуштарга газ жеткирүү, коммуналдык кызматтардын кышындагы ишмердиги, шаарды жакшыртуу боюнча санитардык-экологиялык инспекциясынын ишин күчөтүү маселелери талкууланды.

Жыйында шаардагы зым карагайларга кулактандырууларды чаптаган тараптарды жоопко тартуу санитардык-экологиялык инспекциясына тапшырылды.

Калаа башчысы ошондой 2016-жылдын аягына чейин шаардагы музыкалык окуу жайлардын шартын жакшыртууну буюруп, керектүү оңдоо иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0