Кыргызстандагы илбирстин жүргөн жерлери спутник аркылуу көзөмөлдөнүп баштады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы илбирс. Архив
Кыргызстандагы илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илбирстин байырлаган жерин аныктоо үчүн былтыр октябрь айында эне илбирске атайын электрондук каргы тагылган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2015-жылы октябрь айынын аягында илбирстерди спутник аркылуу карап, аларга байкоо салуу үчүн атайын каргылар тагылганын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси Мухтар Мусаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Биздин аймактагы илбирстердин баскан, жайлаган жерин спутник аркылуу билүү үчүн эне илбирске атайын электрондук каргы тактык", — дейт ал.

Белгилей кетсек, 16-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ИИБ кызматкерлери атайын рейд учурунда илбирсти атып, анын териси менен башын алып келе жаткан 48 жаштагы тургунду кармашкан

Советтер Союзу тарагандан кийин Ысык-Көл аймагынан илбирстерди кармап сатып оокат кылгандар болгонун Мусаев белгиледи. Учурда илбирстердин саны 35-40ка жакындап калганын айтып, бул жаныбарды атууга тыюу салгандан кийин 2000-жылдан тарта алардын саны көбөйүп баштаганын кошумчалады.

"90-жылдардын аягында илбирстин өзүн көрмөк тургай издерин араң тапчубуз. Коруктун айлана-тегерегин коруп, мурда коюлган капкандарды алгандан кийин илбирс көбөйүп калды. 2005-жылы 25-майдан 25-сентябрга чейин корукка 35 фото-капкан коюлган, ага 8 илбирстин сүрөтүн тартып алдык ", — дейт ал.

Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси акыркы жылдары аркар,кулжанын саны 2900гө, эчки,текени 1800гө көбөйгөнүн айтып, күрөң аюулар да арбыгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0