Биринчи Май районундагы мектеп менен бала бакчаларга онлайн-видеокамералар коюлду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМектеп бөлмөсүнүн киришинде жазуу. Архив
Мектеп бөлмөсүнүн киришинде жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл жүргүзүүчү камералар коопсуздук чараларын күчөтүп, окуучулар арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында коюлуп жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районундагы 21 мектеп менен 14 бала бакчага онлайн-видеокөзөмөл камералары орнотулганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай аракет мекемелердеги балдар коопсуздугун күчөтүү, өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу, имараттарды көзөмөлгө алуу максатында көрүлдү. 

"Бардыгы болуп 35 мекемеге 392 көзөмөл камерасы коюлду", — деп айтылат билдирүүдө. 

Муну менен бирге "Коопсуз мектеп" жана "Коопсуз бала бакча" долбоорлору сыноодон өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0