Департамент: илбирстин атылышы кокустук эмес

© AFP / RONALDO SCHEMIDTАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейрек кездешүүчү жырткычты атып салган Ысык-Көл облусунун тургуну аңчылык билетинен ажыратылат. ИИМ өкүлдөрү аны максималдуу жазага тартуу керектигин айтышууда. Аңчылыкка көзөмөл жүргүзүүчү мекеме менен милиция кызматкерлери кызыл китепке кирген жаныбарды кокустуктан өлтүрүп алдым дегенге ишенбей тургандыктарын билдиришкен.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Браконьерлик аңчылыкка шектелип кармалган жаран мергенчиликке уруксат берчү билетинен ажыратылат. Бул туурасында Табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу департаментинин Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Төлөгөн Үсөнбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кырышкыр, түлкү жана чөөгө гана аңчылык кылуу сунушталууда
Ишемби күнү Ысык-Көл облусунда ак илбирсти аткан 48 жаштагы мергенчи кармалган. Ага чейин милицияга жырткычтын октон өлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Мергенчи 15-январда илбирсти карышкыр экен деп өлтүргөнүн айткан. Кызыл китепке киргизилген жаныбарды атканы үчүн ал 500 миң сом айып пул төлөп же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы керек. 

"Милиция сотко өткөрө турган материалдарды даярдап жатат, анын ичинде жаныбарды өлтүргөнү үчүн айып пул жана билет жөнүндө маалымдама бар. Соттун чечимине карабастан, мергенчи билетинен ажыратылат. Ал биздин өкүлчүлүктүн мүчөсү, бирок эч кандай кызматкери эмес. Бизге көптөгөн мергенчилер жардам беришет, негизинен карышкырга аңчылыкка чыгабыз. Бирок мындай учурду биринчи кезиктиришим", — деди Үсөнбаев.

Карышкыр деп илбирсти атып алдым деген суу кечпеген актануу

Анын айтымында, кылмышка шектүү адам буга чейин карышкырга аңчылык кылып келген, андыктан анын тажрыйбасы менен кокустан карышкыр экен деп илбирсти атып алышы күмөн туудурат. 

"Эгер ок кокустуктан атылып кетсе, ал бизге айтмак", — деди Үсөнбаев.

Кокустукка укук коргоо органдары да ишенбей жатканын айтышты. Буга илбирс атылган курал себеп болууда.

"Кокустук версиясын караган да жокпуз, андай болгондо бизге бул тууралуу дароо кабарламак. Анда эмнеге жаныбардын терисин сыйрып алды? Мергенчинин оптикалык машасы менен куралы болгон", — деди Ак-Суу райондук ИИБ башчысы Асылбек Сааданов.

Учурда жазаны катаалдаштыруу боюнча райондук прокуратура менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

"Ак илбирс — биздин өлкөнүн символу. Айып пул чегерип коюу — жетишсиз. Жазаны мыйзамсыз аңчылык кылуу ойго келбегидей кылып күчөтүү зарыл. Мисалы, айып үчүн миллион сом салуу керек", — деди Сааданов.

Ак илбирстин териси 60 миң долларга чейин жетет 

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Чет өлкөдө ак илбирстин териси интернет дүкөндөрдө 20 миңден 50 миң долларга чейин турат, ал эми көмүскө базарда анын баасы 60 миң долларга чейин жетерин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти. 

Ак илбирс бүгүнкү күндө сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарында турат. Ал Эл аралык кызыл китепке жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилгендиктен, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Мындан тышкары, ак илбирс жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн түрүн сатууга каршы конвенциясынын колдоосуна алынган. Кыргызстанда "Барс" атайын тобунун жана табиятты сактоо бирикмесинин маалыматы боюнча ак илбирстин 300 түрү катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0