Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу, же кыргызстандык айдоочулар эмнеден коркушу керек?

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтоунаадагы ОСАГО полиси. Архив
Автоунаадагы ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандырууга байланышкан чыр-чатак толуп жатат. Анын себептеринин бири катары кошумча камсыздандыруулар, таңуулоо жана кардарлардын эсебинен үнөмдөп калуулар аталат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Көпчүлүк өлкөлөрдө автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу көптөгөн кыйнчылыктар менен коштолгон. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Казакстан менен Россиянын тажрыйбасын иликтеп көрдү. 

7-февралда Кыргызстанда унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирет. Бардык автоунаа ээлери 2,5 айда камсыздандыруу полисин алышы керек. Ал эми баш тарткандыгы үчүн айып салынат. 

Жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО). Архив - Sputnik Кыргызстан
Суроо-жооп: унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу качан жана кандайча өтөт
Ата мекендик эксперттин айтымында, унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу жакшы иштелип чыккан эмес, ал эми бул мыйзамдан жалгыз пайда таба тургандар — камсыздоочулар. Мыйзамды азыркы абалында кабыл алуу "башаламандыкка алып келет" дейт ал.

Автожоопкерчиликти камсыздандыруу Евразиялык экономикалык мейкиндиктеги өлкөлөрдө бар экендигин эске алып, өнөктөштөрдүн тажрыйбасына кайрылып, алардын катачылктарын көрүп жана аны кайталабоого аракет кылуу ашыктык кылбайт.

Россия: кожоюн камсыздандырылбаса, автоунаа айдай албайт 

Алгачкылардан болуп унаа ээлерин сөзсүз камсыздандырууну Россия киргизип, 2003-жылдын жай мезгилинен тартып полис алуу милдеттендирилген.

Милдеттүү түрдө алуу бир катар нааразылыктарды жараткан. Мамлекеттик думанын депутаттары жана РФ субъектилеринин парламенттик депутаттары автоунааны камсыздандыруу жөнүндө мыйзам Конституцияга каршы экенин таануу жөнүндө сотко арыз беришкен. Бирок Конституциялык сот автоуналарды кожоюну камсыздандырылбаса айдоого болбойт деген чечимге келген.

Бирок авто сүйүүчүлөрдү мыйзамдын Конституцияга каршылыгы гана нааразы кылган эмес. Алар үчүн башка практикалык жактары маанилүү болчу. 

Мисалы, Интернетте эң популярдуу суроолордун бири — камсыздандыруучу компаниялар тийиштүү төлөмдү кечиктирсе, эмне кылыш керек?

Башка нааразылыктар авариясыз жүргөндүк үчүн жеңилдиктерге ("бонус-малус" коэффициенти) байланыштуу болгон, полистин баасы талап кылгандагыдан аз төмөндөтүлө турган. Алсак, 2014-жылы Россиянын автокамсыздандыруучулар биримдигине коэффициент туура эмес колдонулганына байланыштуу 14 миң арыз түшкөн.

Сариев ипотекалык кредит алгач кимге берилээрин айтты
Бирок дооматтар муну менен эле бүтпөйт, мисалы, "Росгосстрах" ААКтын Ставрополь аймагындагы филиалы унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу келишимин түзүүдө ар кандай таңуулоо жолу менен атаандаштыкты коргоо жөнүндө мыйзамды бузгандыгы аныкталган. Ал компаниянын кардарлары кызыкпаган камсыздандыруу кызматтарын (мүлктү камсыздандыруу, кырсыктардан камсыздандыруу) өзүнө камтыган. Федералдык монополияга каршы кызматтын облустук башкармалыгы компанияга 650 миң рубль айып салып, бирок ал соттун чечимин жойдурганга жетишкен.

Ошондой эле камсыздандыруучулар айдоочу чындап алышы керек болгон төлөмдү кемитип берүүгө жасаган аракеттери да нааразылык жаратат.

Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандырууга байланышкан чуу чек арадан өтүп жатканда пайда болот. Мисалы, казакстандыктар Россияга кирип бара жатканда убактылуу полисти өз өлкөсүндөгүгө караганда бир топ кымбат сатып алууга аргасыз. Бирок, россиялыктар Казакстанга кирип жатып, алардан жети эсе аз төлөшкөн. Бул казак автосүйүүчүлөрүнүн нааразылыгын жаратып, тигилердин да, булардын да кыжырдануусунан камсыздандыруу кызматынын деңгээли түшүп кеткен. 

Өнүккөн деген Англияда абал мындай болсо, калганы кантет? 

Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандырууга байланышкан кыйынчылыктар туурасында 2009-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) эскерткен эле. Өзүнүн докладында БУУ унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу боюнча көйгөйлөргө өнүккөн өлкөлөрдөн да туш болуп жатканын белгилеген.

"Мисалы, Улуу Британияда жол кырсыгынан жабыр тарткандардын 40 пайызга жакыны төлөмдөрдү албай калышкан, алса да толук төлөп берилген эмес. Эгер өнүккөн өлкөлөрдө мындай болуп жатса, адамдар өз укуктары туурасында толук билбеген өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иш андан да начар болушу мүмкүн", — деп айтылат отчетто.

Ипотека насыясын алуу банк бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ипотека жөнүндө эмнелерди билиш керек?
Башкы нааразылык – камсыздандыруучулар окуя болгон жерден алынган далилдер аздыгына шылтоолоп тийиштүү акчаны төлөп берүүдөн баш тартышы. Мисалы, алар сүрөт, күбөлөр жана керектүү документтер жок дешет. 

Ал эми жабыр тарткандар камсыздандыруучу компанияны сотко берген учурларда, сот процесси жылдап созула берчү. Акыр-аягында убактысын коротууну каалабаган күбөлөр өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, көп жылдаган сот процесстери доочуну такыр эч нерсесиз калтырчу. 

"Автоунаа кырсыктары олуттуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө алып келет, ошондуктан унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу мыкты иштеп кетиши үчүн бардык нерселерди толук камтый турган стратегияларды иштеп чыгуу керек. Өнүккөн, өнүгүп келе жаткан бир да өлкөдө азырынча идеалдуу система иштей элек", — деп айтылат БУУнун докладында. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда полистин баасы үч миң сом болуп, ал боюнча төлөмдөр 550 миң сомго чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0