Кыргызстан Белоруссиядан гумжардам катары чатыр менен жууркан алат

© Фото / Бекмамат АйдаркуловЧатыр. Архив
Чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген жардамды өткөрүп берүүнү уюштурууга белоруссиялык ТИМ жоопкер болот. Эки миллиард белорус рубли менен бааланган чатырлар менен жууркан-төшөк ноябрь айында жер титирөөдөн жабыркагандарга берилмекчи.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Белоруссия өткөн жылдын ноябрь айында жер титирөөдөн жапа чеккен Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтө турганын Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги өкмөткө таянуу менен билдирди.

Оштогу жер титирөөдөн жабыркагандарга Россиядан гуманитардык жардам келет
Чатыр жана жууркан-төшөк иретинде берилүүчү жардамдын жалпы наркы эки миллиард белоруссиялык рублди түзөрү белгилүү болду. Жардамды Бишкекке Белоруссиянын ӨКМ жана Транспорт министрлиги алып келет. Аны өткөрүп берүүнү уюштурууга белоруссиялык ТИМ жоопкер болот.

Күчү 6,3 магнитудага жеткен жер титирөө былтыр ноябрда Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон. Андан жүздөгөн үй-бүлө баш паанексиз калган. Жабыркаган тургундарга убактылуу 20 жана 40 тонналык контейнерлерди мобилдүү турак жай катары ыңгайлаштырып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0