Милиция видеого тартылган Оштогу массалык мушташты иликтей баштады

Жазылуу
Социалдык тармактарда массалык мушташ тартылган видео жайгашкан. Болжол менен ага 100дөн ашуун адам катышканы көрүнүп турат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Оштун Ички иштер башкармалыгы интернетке жайгаштырылган массалык мушташтын видеосун иликтей баштаганын шаардык ИИБ билдирди.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ өспүрүмдөрдүн массалык чогулган жерлерин текшерет
Буга чейин социалдык тармактарда массалык мушташ түшүрүлгөн видео жайгаштырылган. Болжол менен ага Ош мамлекеттик жана гуманитардык педагогикалык университеттердин студенттери катышкан. Бирок мушташтын убактысы менен себеби көрсөтүлгөн эмес.

Милиция окуянын болжолдуу себептери жана демилгечилердин аты-жөндөрү такталганын белгилеп, ал эми чатактын убактысы аныктала электигин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0