Google компаниясын багынткан Мамутов. "Заманбап көчмөндүн" аңгемеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Тилек Мамутов. Архив
Кыргызстандык Тилек Мамутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күлүктү токугандын ордуна ал учакка түшө жөнөйт, жаа тарткандын ордуна компьютердин клавиатурасын терет жана ар убакта дүйнөнүн каалаган бурчунда кармашка киргенге даяр — ал "заманбап" көчмөн Тилек Мамутов.

Кыргызстандык Тилек Мамутов Сан-Францискодо жашайт жана эң ири дүйнөлүк компанияда 8 жылдан бери иштейт. Бийикте учкан Google X аба шары, эмне үчүн LTE-телефондору $20 болорун жана биздин өлкөнүн келечегин кандайча элестетерин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына айтып берди.

— Саламатсызбы, кантип Борбор Азия боюнча Google компаниясынын директору болуп калганыңызды айтып берсеңиз?

— Саламатсыздарбы, мен директору эмес, Борбор Азияда жаңы ишкердикти өнүктүрүү боюнча менеджеримин. Буга бош убактымда биздин аймакта бир нече долбоорду ишке киргизгенден кийин жеттим. Ал эми бир жыл мурун өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иш алып барчу бөлүмдөн дүйнөнү кескин өзгөртө ала турган технологияларды иштеп чыгуучу Google X бөлүмүнө которулгам. Азыр интернет таратуучу аба шарлары менен алектенем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБир жыл мурун өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иш алып барчу бөлүмдөн дүйнөнү кескин өзгөртө ала турган технологияларды иштеп чыгуучу Google X бөлүмүнө которулгам.
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл мурун өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иш алып барчу бөлүмдөн дүйнөнү кескин өзгөртө ала турган технологияларды иштеп чыгуучу Google X бөлүмүнө которулгам.

— Ошондо асманда роутерлер пайда болобу? 

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
— Бул спутниктин концепциясына окшош нерсе, биздин агенттик да анын атынан аталган. Айырмасы бийиктигинде гана — спутниктер планетаны айланып, он миңдеген чакырым бийиктикте учат, ал эми шарлар адамдарга бир топ жакын — 20 чакырымдай бийиктикте, бирок учактардан эки эсе жогору учат. Долбоордун максаты – бүтүндөй дүйнөгө, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн алыскы айыл аймактарына арзан жана сапаттуу интернет берүү. Ага LTE технологиясын колдогон кадимки эле смартфон аркылуу кирсе болот. Мындай смартфондордун баасы өтө арзандап келе жатат. Алар жакынкы аралыктар 20-30 доллар болуп калат ойлойм.

— Бүтүндөй Кыргызстанды камтыш үчүн канча шар керек болот?

— Кыргызстандын аянты 200 миң чарчы чакырымга жакын, буга ондогон шар талап кылынат. Албетте, шамалдын таасири менен алар учуп кетип турат, бирок алардын ордуна башкалары келет. Башкача айтканда, бул Сатурн же Юпитер планеталарын айланган өзүнчө бир шакекчеге окшош. 

Долбоор Жердин түштүк жарым шарында тест түрүндө ишке киргизилген. Эки жыл мурун биз интернетке Жаңы Зеландиянын фермерлерин, Бразилиядагы мектепти туташтырганыз, башка өлкөлөрдө да тест жүргүзүлүп жатат. 

© предоставлено Тилеком МамутовымКыргызстандын аянты 200 миң чарчы чакырымга жакын, буга ондогон шар талап кылынат.
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аянты 200 миң чарчы чакырымга жакын, буга ондогон шар талап кылынат.

— КРде интернеттин өрчүшүнө кандай баа бересиз?

— Мен Кыргызстанда мыкты шарттар бар деп эсептейм. Анан калса, бизде жакшы программисттер абдан көп. Бирок, тилекке каршы, бул жөнүндө билгендер аз, себеби алардын көбү акырын, көзгө көрүнбөй эле иштеп жүрүшөт. Андыктан биздин өлкөнү Кремний өрөөнүнүн түгөйүнө айлантса болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБиздин өлкөнү Кремний өрөөнүнүн түгөйүнө айлантса болот.
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан
Биздин өлкөнү Кремний өрөөнүнүн түгөйүнө айлантса болот.

— Бул чын эле мүмкүнбү?

— Толук мүмкүн деп ойлойм. Кыргызстанда азыртадан эле "Жогорку технологиялар паркы" бар, ал аркылуу бир нече компания иштеп жатат жана азыр технологиялык стартаптар үчүн инкубаторлор пайда болууда. Алсак, Кыргызстандын өз кереметин жаратууга аракет кылып жаткан Business Clinic Central Asia. Дагы тасмаларды көрүү менен англис тилин окууну айкаштырууну көздөгөн films.kg бар. Андан сырткары өзгөчө кубандырганы — алардын көбү глобалдуу рынокту көздөйт. Алдыңкы технологиялардан артта калбай, Гарвард, Стэнфорд жана Оксфорд университеттеринде онлайн түрүндө окуп билим алган кыргызстандык студенттер менен мектеп окуучулары көп. Бул келечек үчүн жакшы шарт жана мүмкүнчүлүк. 

— Бизде IT-технологиялардын өнгүү келечеги кандай? 

— Абдан чоң. Азыр Кыргызстандын технологиялык секторуна чет элдик инвестициялардын тартылуусу өсүүдө. Ал эми ЕАЭБге кошулганга байланыштуу Россиядан инвесторлор Кыргызстанга көп кызыгып жатат. Европа өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Япониянын кызыгууса да артууда.

— Google компаниясынын Кыргызстанда долбоорлору барбы?

Ноутбукта сабак окуп жаткан мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев өлкөдө интернет байланышын күчөтүү тапшырмасын койду
— Ооба, бир нече долбоору бар, мисалы, февралда Интернет-ишкерлерге тренинг өткөрө турган Google адистеринин келишин уюштурууга жардам берем. Алар кичинекей IT-компаниядан тез арада, натыйжалуу жана эң башкысы үнөмдүү жол менен кантип чоң компанияга айлануу керектигин айтып беришет. Бул жолугушууларда Кыргызстандын IT-технологияларга кызыгуусу чоң экенин Google көрүшү үчүн көбүрөөк кыргызстандыктар болсо дейм. Себеби мунун аркасы менен Кремний өрөөнүнөн көбүрөөк көңүл бурулушу мүмкүн да.

— Google компаниясынын кеңсеси Кыргызстанда ачылабы?

— Адатта мындай маселелер өтө жабык болот. Бирок кыргызстандык катары мен өлкөнүн өзүнүн, мисалы, глобалдуу рынокто иштей турган кыргыз IT-компаниясы түзүлсө көбүрөөк пайда болот деп эсептейм, андан республиканын бюджетине да миллиарддаган киреше түшмөк. Менимче, Google компаниясынын кеңсесин ачкандан көрө, ушундай максатты көздөгөн артык. 

— Google күнүнө канча резюме алат?

— Күн сайын компанияяга миңдеген резюмелер келет, ал эми ким иштей турганын кадрлар боюнча адистер чечет. Каалоочулардын көптүгүнөн жана ийгиликтүү корпоративдик маданиятты сактоого умтулгандыктан, аларда "жаңылыш алып алгандан көрө, жаңылып албай койгон жакшы" деген принцип калыптанып калган. Ошондуктан кээде менден бир топ жөндөмдүү адистер түрдүү себептер менен ишке алынбай калат. 

— Келечекте эмне кылсам дейсиз? Кандай пландарыңыз бар?

— Кандайдыр бир глобалдуу долбоорду ишке ашырып, технологиялар менен адамзаттын өнүгүшүнө салым кошуп, чоң нерсеге жетишсем дейм. 

— Чоң дүйнөгө жаңы гана кадам таштап келе жаткандарга кандай кеңеш берер элеңиз? 

— Дегинкиси мен эч качан мынчага жетишем деп ойлогон эмесмин. №70-мектепте окугам, мыкты деле окучу эмесмин, эки, үч деген бааларды көп алчумун. Борбор Азиядагы Америка университетинде окуш мен үчүн оор болгон. Өзүмдү дайыма жолкоомун деп эсептечүмүн, жолумдун болгону — мен өзүмө жакканды жана суроо-талапка ээ программалоо ишин өтө эрте таап алдым. Мен үчүн бул кызыктуу болду, ошон үчүн бул тармак боюнча өз алдынча окууга жана тажрыйба топтоого көп убакыт жумшадым. 

© Нурайым РыскуловаМен эч качан мынчага жетишем деп ойлогон эмесмин. №70-мектепте окугам, мыкты деле окучу эмесмин, эки, үч деген бааларды көп алчумун.
Интервью с Тилеком Мамутовым - Sputnik Кыргызстан
Мен эч качан мынчага жетишем деп ойлогон эмесмин. №70-мектепте окугам, мыкты деле окучу эмесмин, эки, үч деген бааларды көп алчумун.

— 10 жылдан кийин өзүңүздү ким болом деп элестетесиз? Кайсы бир IT-компаниянын чоңу болом десеңиз керек?

— Өз компаниямды түзүшүм толук мүмкүн, бирок мени дагы билим берүү тармагы кызыктырат. Аны жакшыртсам дейм. Ошондой эле китеп жазганга кызыгам. Алдын ала айтуу кыйын, бирок меники баары алдыда деп ойлойм.

— Кантип эс аласыз?

— Жубайым экөөбүздүн жаңы хоббибиз бар. Боулдеринг — татаал, бирок кыска трассаларда эч байлоосу жок аскага чыгуу менен алектенебиз. Андан тышкары, барабанда ойногонду үйрөнүп жатам. Лыжа тепкенди да жакшы көрөм. Бул жолу Кыргызстанга досумдун үйлөнүү тоюна келгем, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Караколдун тоо-лыжа базасына барып келдим. 

Сариев кыргызча Википедия, Google Translate жөнүндө: өкмөт көңүл бурат
— Жактыбы?

— Аябай. Биздин базалардын Европадагылардыкынан да артыкчылыктары бар. Биринчиден, бул, албетте, баасы. Дагы бул жерде көбүрөөк эркиндик берилет. Швейцарияда, АКШда жана башка өлкөлөрдө мен кайсы жерде кантип тебүү керектиги жөнүндө көптөгөн эрежелер менен чектөөлөргө туш болгом. Кыргызстанда өзүмдү көбүрөөк эркин сезем, бул жак мага аябай жагат.

— Сиз 8 жылдан бери чет өлкөдө жашайт экенсиз. Кандай дейсиз, сиз кыргыз маданиятынын көп нерсесин сактайм деп айта аласызбы?

— Ооба, ошондой деп ойлойм. Өзүмдү көчмөн катары сезем, бирок 21-кылымдын, "санариптик" (Digital Nomads) көчмөнүмүн. Биз жерден жерге көчүп, жаңы мейкиндиктерди ээлеп алып жүрчү өткөндүн көчмөнү сыяктуу эркин жана кыймылыбыз жеңил боло алабыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0