Кыргызстанда органга сатылып кете жаздаган россиялык балдарды туугандары алмай болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДетский дом в Великом Новгороде
Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин маалымат каражаттары россиялык балдар көптөн бери өгөй атасынын кордугуна кабылып, энеси каза болгондон кийин кыз менен баланы органдарга пайдалануу үчүн цыгандарга сатып жиберишкен.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өгөй атасынын кордугуна кабылып, энеси өлгөндөн кийин цыгандарга орган трансплантациялоо үчүн сатылып кеткен россиялык эки баланын жакындары аларды өздөрүнүн үй-бүлөсүнө алуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Россия президентинин алдындагы балдар укугу боюнча өкүлү Павел Астахов билдирди.

Балдар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жездесинин колунан жаракат алган караколдук тестиердин абалы жакшы
Буга чейин маалымат каражаттарында 2015-жылдын 30-декабрында Россиянын вице-консулу Кыргызстандан Россияга 13 жашар кыз менен анын беш жашар инисин Новосибирскиге алып келгенин жазып чыгышкан. Бул маалыматты Новосибирск боюнча тергөө комитети текшерүүгө алган. Мында балдардын өгөй атасы тарабынан кодуланып, энесинин өлүмүнөн кийин орган трансплантациясы үчүн цыган улутундагы адамдарга сатылып кеткени айтылган. Бул боюнча Новосибирск тергөө комитети кылмыш ишин козгонгон.

"Биз бир нече мекемеде балдардын тагдырын талкууладык. Аларды алууга бир катар туугандары калоосун билдирди. Баары жакшы болот деген ишеним бар", — деди Астахов дүйшөмбү күнү журналисттерге.

Ал балдардын орун-очок алуусу боюнча абалды толугу менен региондун губернатору Владимир Городецкий көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

"Окуянын аягы кандай коркунучтуу бүтөрү белгисиз эле. Биз азырынча ал нерсени кабыл ала албай жатабыз. Балдарды органга сатып жиберген тири шумдук окуяларды айтып, угуп эле жүрөбүз. Ал эми бул конкреттүү учур, балдар аз эле жерден калышты", — деди балдар акыйкатчысы.

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы чоңдордун колунан 16 баланын өмүрү кыйылган
Өз кезегинде губернатор бүгүнкү күндө балдар стресс абалынан чыгып, орун-очок алышына бардык шарт бар экенин белгиледи.

Буга чейин Новосибирск облусунун Социалдык өнүгүү министрлиги балдардын таежеси Новосибирскиде, улуу таякеси Кыргызстанда, ал эми таенесинин бир тууганы Германияда жашай турганын маалымдаган. Бирок туугандар 10 жыл бою балдардын энеси менен катташпагандыктан, балдар аларды тааныбай тургандыктарын айтышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0