"Тазалык": азыр шаар көчөлөрүн тазалоонун кажети жок

© Расул УсеналиевСнежная погода в Бишкеке. Архив
Снежная погода в Бишкеке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте лапылдап кар жааганы менен шаардык кызматтар аны тазалаганга ашыккан жок. Тазалоо иштери кар басылгандан кийин башталат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөлөрүн азыр тазалоонун кажети жок экенин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рысбек Сарпашев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда көчөлөр жана тротуарлар тазаланган жок. 

"Кар жааганы менен күн жылуу болуп ээрип кетип жатат. Түштөн кийин кар басылса, тазалоо иштерин ошондо баштайбыз. Тротуарларды тазалоонун азыр кажети жок, бир канча сааттан кийин эле кар кайта пайда болот", — деди Сарпашев.

Жыл жаңырганданбери калың кар жаай элек. Күн жылуу болгондуктан, шаарда кардын баары ээрип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0