Биринчи жолу өткөрүлгөн электрондук олимпиадага ата-энелер көз салды

© Sputnik / Айша КамиловаОштогу окуучулар арасындагы предметтик олимпиада учурунда.
Оштогу окуучулар арасындагы предметтик олимпиада учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук олимпиада республика боюнча биринчи жолу Ошто өткөрүлдү. Анда 20 суроого 30 мүнөт берилип, жыйынтыгын ата-энелер, мугалимдер монитордон карап турууга шарт түзүлдү.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Оштогу окуучулар арасындагы предметтик олимпиада бүгүн жыйынтыкталды. Анда тапшырмалар электрондук негизде берилгендиктен, коррупция байкалган жок. Бул тууралуу Ош технологиялык университетинин маалымат кызматы билдирди. 

© Sputnik / Айша КамиловаЭлектрондук олимпиада республика боюнча биринчи жолу Ошто өткөрүлдү
1/3
Электрондук олимпиада республика боюнча биринчи жолу Ошто өткөрүлдү
© Фото / Айша КамиловаАнда 20 суроого 30 мүнөт берилип, жыйынтыгын ата-энелер, мугалимдер монитордон карап турууга шарт түзүлгөн
2/3
Анда 20 суроого 30 мүнөт берилип, жыйынтыгын ата-энелер, мугалимдер монитордон карап турууга шарт түзүлгөн
© Sputnik / Айша КамиловаЖеңүүчү деп табылган 10-11-класстын окуучулары Республикалык олимпиадага катышууга укук алышканы маалыматта белгиленет.
3/3
Жеңүүчү деп табылган 10-11-класстын окуучулары Республикалык олимпиадага катышууга укук алышканы маалыматта белгиленет.
1/3
Электрондук олимпиада республика боюнча биринчи жолу Ошто өткөрүлдү
2/3
Анда 20 суроого 30 мүнөт берилип, жыйынтыгын ата-энелер, мугалимдер монитордон карап турууга шарт түзүлгөн
3/3
Жеңүүчү деп табылган 10-11-класстын окуучулары Республикалык олимпиадага катышууга укук алышканы маалыматта белгиленет.

Электрондук олимпиада республика боюнча биринчи жолу Ошто өткөрүлдү. Анда 20 суроого 30 мүнөт берилип, жыйынтыгын ата-энелер, мугалимдер монитордон карап турууга шарт түзүлгөн. 

Математика сабагы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖОЖдор каникул учурунда окуучулар үчүн акысыз курстарды уюштурду
Сынакка Ош шаарындагы 52 мектептин 1200 окуучусу катышып, 11 предметтен билимдерин сынашты. Жеңүүчү деп табылган 10-11-класстын окуучулары Республикалык олимпиадага катышууга укук алышканы маалыматта белгиленет. 

Сынакты уюштурган Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Ош технологиялык университетинин компьютердик класстарын колдонушкан.

Ал эми окуучулардын саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн атайын кызматттар жана медицина кызматкерлери кезек-кезеги менен нөөмөттө турушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0