Россиянын архивдеринен кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар изделет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБиблиотекадагы адам. Архив
Библиотекадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар тууралуу "белгисиз баракчалардын" табылышы жаңы илимий изилдөөлөргө жол ачат.

БИШКЕК, 15-янв. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин кызматкерлери Россиянын архивдерине жана китепканаларына илимий экспедиция менен барат. Негизги максат — кыргыздар жөнүндө жаңы маалыматтарды табуу. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

18-19-кылымдагы кыргыздар – чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Маалыматка ылайык, Кыргыз улуттук университетинин профессору Кененсариев баштаган архив кызматкерлери январь айынын ортосунда Санкт-Петербург шаарына жөнөшөт. 

Бул багытта өкмөт атайын буйрук чыгарган. Анын алкагында, 2015-2025-жылдар аралыгында издөө иштери улантылуусу керек. 

Тарых изилдөөчүлөрдүн пикиринде, чет өлкөлөрдүн китепканаларында, музейлеринде жана архивдеринде сакталган маалыматтар жаңы илимий изилдөөлөргө жол ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0