Кыргызстандын товарлары чет жакта канча турат?

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүӨрүк сатуу. Архив
Өрүк сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сиз шырдакты коңшуга эмес, алыскы Швейцарияга сатсаңыз канча акча түшөрүн ойлодуңуз беле? Же болбосо, биздин бал Американын дүкөндөрүндө канча турат деп кызыктыңыз беле?

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кокус Кыргызстанда жасалган же өстүрүлгөн товарларды чет мамлекетке барганда көрүп калсак, "бул биздики турбайбы" деп маңдайыбыз жарыла сүйүнүп калабыз. Андан соң анын баасына да таң калабыз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чет элдик интернет-дүкөндөрдү карап көрүп, ата мекендик товарларды чет элдиктерге канча сомдон сатып жатышканына баам салды. Доллар менен көрсөтүлгөн баалар Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомго которулуп көрсөтүлдү.

Сабиз, Италия. Кыргызстанда өстүрүлгөн сабиздин килограммы италиялыктарга 112 сомдон сатылууда. Ал эми айрым суперкарметтерде 350 сомго чейин сатыкка чыгарылган.

Төө буурчак, Улуу Британия. Англичаниндер анын килограммын 309 сомдон сатып алууда. Ал эми бизде ал дээрлик үч эсе арзан десек болот.

Бал, АКШ. Анын 250 граммы 750-1000 сомдун айланасында сатып алса болот. Бул кымбат жана таза органикалык азык деп бааланат. Ошондуктан анын баасы айрым аймактарда эки миң сомго чейин чыгат.

Баткендин өрүгү, Россия. Анын бир килограммы 750-1200 сомдон бааланат. Ал эми аны Баткенден 400-450 сомдон алса болот. 

Жаңгак, Түркия. Жаңгактар чекене канча сомдон сатылып жатканын билүүгө мүмкүн болгон жок. Ошентсе да дүңүнөн сатып алгандар кабыгы аарчылып тазаланган бир килограмм жаңгакты 700 сомдон сатып алышат. Ал эми ал Бишкек шаарында 660-670 сомдон сатылууда.

Кийим, Россия. Кыргызстанда тигилген кийимдер Россиялык кардарларды бардык мезгилге ылайыкталган кийимдин түрлөрү менен кызыктырат. Дүңүнөн алгандар аялдардын жайкы көйнөгүн миң сомдон алса, эркектердин костюмун 2,5 миң сомго баалашат.

Шырдак, Швейцария. Кыргызстандын уздарынын колунан чыккан шырдак (узуну 1,5 метр, туурасы 1 метр) 77 миң сом турат.

Колго жасалган буюмдар, Улуу Британия. Эгер кыргызстандык чеберлердин колунан чыккан кооздук үчүн тагыла турчу буюмдар канчадан сатылып жатканын айтсак, сиз азыркы иштеп жаткан жумушту таштап, дароо кол өнөрчүлүк менен алектенгиңиз келет. Мисалы, булгаарыдан жасалып, темир менен шөкөттөлгөн браслет 2,8 миң сом турат. Ал эми улуттук стилде жасалган моюнга тагылуучу чынжырча 12 миң сом. Бул баа арзандатуудан кийин экенин эске салабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0