Шаар тургундарына суу чачкан тентек: көңүл ачуу үчүн жасаган жоругума азыр өкүнүп жатам

© Расул УсеналиевСкандал вокруг видео парня известного как "Нурайым в брюках"
Скандал вокруг видео парня известного как Нурайым в брюках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терезеси караңгылатылган автоунаадан ары-бери өткөн шаар тургундарына суу чачып көңүл ачкан Азамат Бектеналиев аттуу 21 жаштагы студент милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Шаар тургундарына суу чачып көңүл ачкан "тентек" Азамат Бектеналиев азыр жасагандарына өкүнүп жатканын айтты.

Ага карата машинасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн 2 миң сом айып салынды.

© Расул УсеналиевБектеналиев жасалма номерлерди милицияга өткөрүп бергенин айтты
Скандал вокруг видео парня известного как Нурайым в брюках - Sputnik Кыргызстан
Бектеналиев жасалма номерлерди милицияга өткөрүп бергенин айтты

Кармалган жаран социалдык тармактарга сүрөттөр менен видеолорду жаман ой менен жайгаштырбаганын айтты. Ошондой социалдык тармактардын бирине жайгаштырган сүрөттөрдөгү тапанча жөн гана сүрөт экенин белгиледи.

"Травматикалык тапанча болушу мүмкүн деп жатышкан сүрөттү мен интернеттен эле көчүрүп алгам… "Azamat" мамлекеттик номер жасалма болчу. Калган номерлерди фотошоп менен жасап алгам", — деген пикирин билдирди.

Чемичке кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чемичке чагып сейил бакты кирдеткен кыз кандайча жек көрүндүгө айланды?
Бектеналиев жасалма номерлерди милицияга өткөрүп бергенин айтты. Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматы билдиргендей, аталган номерге юридикалык баа берүү үчүн ал шаардык тергөө башкармалыгына берилет.

Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров аталган жаран кылмыш иликтөө бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кармалганын билдирди.

"Бул жаранга машинасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн эки миң сом айып салынып, автоунаасы айып короого токтотулду", — дейт ал.

Интернет колдонуучулардын сынына кабылган Азамат Бектеналиев студент шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт, 21 жашта.

Жол кайгуул кызматы жасалма мамлекеттик номерлерди тагып алып жүргөн жарандарга карата беш миң сом айып салынарын жана автоунаасы айып короого токтотула турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0