"Ата-Түрк" эс алуу паркына карагайлар отургузулууда

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Ата-Түрк" эс алуу паркына отургузулуучу көчөттөр.
Ата-Түрк эс алуу паркына отургузулуучу көчөттөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактын көчөттөрү атайы Каракол шаарындагы токой чарбачылыгынан алып келингени айтылууда.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев менен Дүйшөмбү көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ата-Түрк" паркында карагайлар отургузулуп жатканын мэрия билдирди.

"Зеленстрой" ишканасынын маалыматы боюнча жалпы жонунан 240 бак отургузулат. Алардын бийиктиги эки метрге жетип, тогуз жаштагы карагайлар экени белгилүү болду.

Көчөттөр Каракол шаарындагы токой чарбачылыгынан алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0