Оштогу Ислам институтун 16 студент аяктады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөргө облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев сабырдуулук, токтоолук каалады.

БИШКЕК, 12-янв. – Sputnik. Ош облусундагы "Абдыжапар" атындагы Ислам институтунун кезектеги бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды. Бул боюнча аталган институттун мүдүрү Акматали ажы Пахиров билдирди. 

Облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

"Теориялык билимге ээ болдуңар, алдыда силерди практикалык жактан 1-курсту баштооңор күтүп турат, андыктан кайсы жерге барып иштесеңер да сабырдуулук, токтоолук жана күжүрмөндүүлүк менен иш алып барууңар керек", — деди Орунбаев.

Институттун толук курсун аяктаган 16 студентке муфтият тарабынан республика боюнча диний окуу жайларга бекитилип берилген бирдиктүү окуу программанын негизинде атайын дипломдор тапшырылды. 

Аталган институт 1993-жылы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0