Чүйдөгү балдар интернатында кышкы лагерь ачылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы балдар. Архив
Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он күн иштей турган лагерь балдардын кышкы каникулдагы эс алуусун камсыздоого багытталган. Анда окуучулар үчүн тил курстары иштеп, концерттер, түрдүү оюн-зооктор каралган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу балдардын мектеп-гимназиясында кышкы лагерь ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бишкекте каникул учурунда 19 миң бала ийрим жана секцияга барууда
Маалыматка ылайык, лагерь 6-январдан 16-январга чейин иштейт. Мында окуучулар ар кандай тил курстарына катышып, алар үчүн концерттер, түрдүү оюн-зооктор каралган.

Лагерь Бишкектеги корей борборунун колдоосу менен ачылган. Уюм балдардын эс алуусу үчүн интернаттын бир классын толугу менен жабдып, тийиштүү эмерек жана окуу куралдары менен камсыздап берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0