"Ош электр" ишканасы: жарандар карыз төлөө мөөнөтүн алты айга чейин узарта алат

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыкты өчүрүү жарандардын ден соолугуна, коопсуздугуна коркунуч жаратса, электр кубатын берүүнү токтотууга болбойт.

БИШКЕК, 7-янв. – Sputnik. Керектөөчү колдонгон жарык үчүн төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, төлөө мөөнөтүн алты айга чейин узартса болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга "Ош электр" ишканасынын башкы жетекчиси Дыйканбай Даминов билдирди.

Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи 2 айда толук калыбына келет
Буга чейин бир нече маалымат каражаттары "Ош электр" ишканасына таянуу менен жарыкка карызын төлөбөгөн белгилүүлөрдүн тизмесин жарыялаган. Тизмеде 600 миң сомго чейин карызы бар жарандар көрсөтүлгөн.

Ал эми карызын төлөөгө убактылуу мүмкүнчүлүгү жок жөнөкөй жарандарга кандай шарттар каралгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан билип көрдү. 

Дыйканбай Даминовдун айтымында, электр энергиясына болгон карызын шартка байланыштуу убагында төлөй албай калгандардын саны арбын.

"Биз элдин шартын түшүнүү менен кабыл алууга аргасызбыз. Эгер жарандын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, жергиликтүү райондук электр тармагына кайрылып, төлөө мөөнөтүн алты айга чейин узарта алат",— дейт Даминов.

Анын маалыматында, алты айга узартылган мөөнөттө керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлбөйт. Бирок, сүйлөшүлгөн убакытта дагы карыз төлөнбөсө иш сотко өткөрүлөт. 

Мыйзам боюнча керектөөчү менен ишкананын ортосундагы милдеттер катары юрист Элвира Тилек кызы төмөнкү пункттарды келтирди. 

 

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат
Көпчүлүк жарандар электр энергиясын жеткирүүчү ишкана менен келишим түзүлөөрүн билишпейт. Эгер абонент келишимде көрсөтүлгөн убакытта каражат төлөбөсө, ишкана энергия берүүнү токтотуп коюуга акылуу. Бирок, жарыкты өчүрүү жарандардын ден соолугуна, коопсуздугуна коркунуч жаратса, электр энергиясын берүүнү токтотууга тыюу салынат. 
  • Төлөөгө такыр шарты жок жарандарга КРдин "Электр энергиясы жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесине ылайык, аймактардын жергиликтүү башкаруу органдары түз субсидиялардын негизинде жардам берүүгө тийиш. 
  • Электр энергиясына болгон карыз төлөнгөндөн кийин ишкана беш күндүн ичинде кайра туташтырууга милдеттүү (туташтыруу үчүн кошумча каражат төлөнөт). 
  • Кардар электр кубатына келген төлөмдү банктык беш күндүн (Банктын төлөмдөрдү кабыл алуу убактысы. Негизи саат 10.00дон 16.00го чейин иштешет) ичинде төлөбөсө, ишкана жарыкты өчүрүп коюуга акылуу. 
  • Эгер керектөөчү электр энергиясына каражат төлөөдөн баш тартса, иши сотко өткөрүлөт. Анда дагы төлөөгө накталай акчасы жок болсо, суммага жараша үй мүлкү конфискацияга алынат.
  •  

    Жаңылыктар түрмөгү
    0