"Телефон номер аркылуу таап алган" Facebook кыргызстандыктарды кооптондурат

© REUTERS / Наталья СеливерстоваФейсбук социалдык таргмагынын баракчасы. Архив
Фейсбук социалдык таргмагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларын аларды "каалагандардын баары таап ала турганы" үшүн алды. Керектүү адамды табуу үчүн социалдык тармактагы издөө деген жерге болгону анын телефон номерин жазуу керек.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Whats App-каналына Facebook сайтынын телефон номери аркылуу адамды таап алган функциясы тынчсыздандырып жатканын жазышты.

"Ар бир жаранды оңой эле таап ала турганы кооптондурат. Болгону керек болгон кишинин телефон номерин сайттын издөө деген жерине жазсаң эле ал кишинин баракчасын таап берет экен", — деп жазат тынчсызданган колдонуучу.

Планшет кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Интернет менен калкты камсыздоодо 15 орунга жогорулады — рейтинг
Ал "социалдык тармакка катталып жатканда телефонду ээсинен башка эч ким көрбөйт деп ишендиришет, эмнеге колдонуучунун укугу бузулуп жатат" деп суроо салат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маалыматтык коопсуздук борборуна кайрылып, иштин чоо-жайын сурап көрдү. Адис Влад Ткачев Facebook баракчасындагы телефон номерди кантип өчүрүп койсо боло турганын айтып берди.

Ал "эч кимдин укугу бузулбай эле турганын" белгиледи. Facebook баракчасынын түзүмүнөн "Мени кимдер таба алат" деген бөлүмүнөн издөөнүн тартибин өзгөртүп койсо болорун айтат.

"Социалдык тармактын "Сиз көрсөткөн номер аркылуу кимдер таба алат?" деген бөлүмгө кириңиз. Түзүмдөгү "бардык" деген жерди "Достор" дегенге алмаштырыңыз. Эми сизди телефон номериңиз аркылуу досторуңуз гана таба алат", — дейт адис.

Ткачев айрымдар социалдык тармактагы достук тизмесине бардыгын эле кошо берерин айтат. Андыктан ар бир кишинин социалдык тармактагы купуялуулугу өзүнөн көз каранды экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0