Сариев: эки жыл ичинде Миң-Куштун эли Чаекке көчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Миң-Куш эли менен жолукту. Учурда аталган аймактын радиациясы 120 микрорентгенден жогору.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Миң-Куш айлында радиация аймагында жашаган 147 үй-бүлөнү көчүрүү зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев Жумгал районуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аймактын радиациясы 120 микрорентгенден ашып кеткен.

Сариевдин айтымында, аталган аймактын жашоочулары Чаек айылына көчүрүлүп, буга эки жылдай убакыт керектелет.

"Миң-Куштагы эски үйлөр түрттүрүлөт. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн ссудага турак жай куруу мүмкүн эмес, андыктан көп кабаттуу үй куруу маселеси каралып жатат. Жакын арада Чаек "Түндүк — Түштүк" альтернативалык жолунун курулушу менен транзиттик аймакка айланат. Элди көчүрүү менен бирге уран калдыктары сакталган жайды жок кылуу маселесин иштеп чыгуу керек. Ушу тапта биздин алдыбызда Миң-Куш айылын таза суу менен камсыз кылуу милдети турат", — деди өкмөт башчы.

Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миң-Кушта жер титирөөдөн 10 үй жараксыз абалга келди
Сариев Миң-Куш айылын өнүктүрүү маселеси комплекстүү караларын, андагы турак жайларды изилдеп чыгуу өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыповго жүктөлөрүн айтты. 

Жергиликтүү эл менен жолугуп жатып, премьер-министр коопсуздук техникасын сактоо, калдык сакталуучу жайга жакын барбоо, балдарга барууга тыюу салуу керек экенин баса белгиледи. 

КМШ алкагында радиоэкологиялык кесепеттерди пайда кылуучу өзгөчө кырдаалдар коркунучун басаңдатуу үчүн максаттуу программа иштелип чыгып, долбоордун жалпы баасы 1 миллиард 156 миллион рублди түзгөн. Анын алкагында Россиядан Миң-Куш айылына 422 миллион жана Кажы-Сай айылына 78 миллион рубль каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0