Москвада ВДНХдагы Кыргызстандын павильону Экономика министрлигинин карамагына өтөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын соңу менен кыргызстандык делегация Москвага барып, аталган павильонду Кыргызстандын карамагына өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Москвадагы Айыл чарбасынын жетишкендигинин көргөзмөсүндө (ВДНХ) жайгашкан Кыргызстандын павильонун Экономика жана өнөр жай министрлигинин карамагына өткөрүү боюнча Москва өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

ЦУМдан шаарга көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе – Бишкек жарым кылымдан кийин. Интерактивдүү сүрөт баян – 2
Маалыматка ылайык, учурда павильонду кабыл алуу боюнча министрлик тарабынан тийиштүү документтер иштелип чыгууда. 

Мындан тышкары, павильон Москва шаарынын Маданий мурас департаментинин көзөмөлү алдында жүргүзүлгөн ремонттон кийин ишке кирмекчи. Анын иштеши көргөзмөнүн жалпы архитектуралык ансамблине шайкеш келиши керектиги белгиленди. 

"Кыргызстан тууралуу толук маалымат берүү милдетин аркалаган павильон бизнес-коомчулук үчүн да ыңгайлуу аянтча болуп берет. Андан сырткары, бул жерде мамлекеттик жана улуттук маданий иш-чаралар уюштурулуп, улуттук ресторан иштейт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Павильонду иштетүүдө Кыргызстандагы туризмдин бардык түрүн чагылдырган материалдар камтылып, чет жактан туристтерди тартууга басым жасалары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0