Биринчи Май районунун акими үч эмди жарыкка алып келген үй-бүлөгө акча бөлдү

Жазылуу
Жаңы төрөлгөн эки кыз, бир уулдан тышкары аталган үй-бүлө 11 жана 8 жашар балдарды тарбиялап келет.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Декабрь айынын соңу менен үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев 81 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөткөнүн мэрия билдирди.

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Айлинден тышкары 13 ымыркайга акча бөлдү
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 21-декабрында шаардын 30 жаштагы тургуну Татьяна Гатыжская перинаталдык борбордо эки кыз, бир уулду жарыкка алып келген. 

Райондук администрация кызматкерлери акча менен бирге жаңы жылдык белек-бечкек менен келишкен. Үй-бүлө жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тышкары 11 жана 8 жаштагы эки баланы тарбиялап келет. 

Жалпы жонунан былтыркы жылдын эсебинен Биринчи Май районунда 22 эгиз жана бир үч эм балдар төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0